ИИМ депутат Дастан Бекешевдин сынына жооп берди

ИИМ депутат Дастан Бекешевдин сынына жооп берди

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин “ИИМ 18-майга караган түнү болгон окуяларга өз убагында аракет кылган жок” деген дооматы чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Министрлик 18-майдагы башаламандыкка алып келген 13-майдагы мушташ боюнча өз убагында чара көргөнүн айтат. 13-майда мушташ тууралуу маалымат түшкөндө, милиция жерине өз убагында барганын, тиешелүү чаралар көрүлгөнүн билдирди.

“Бул факт өз убагында катталып, бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүп, процессуалдык чечим кабыл алынган”, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ИИМ 18-майга караган түнү болгон башаламандыктар боюнча бардык жагдайлар кылдат каралып, иликтенерин, мыйзам бузган адамдардын баары жоопко тартыларын ишендирди.

“Ички иштер органдары чет өлкөлүк жарандарга карата зомбулук колдонуунун бардык фактылары боюнча ыкчам чара көрүп, кырдаалдын курчушуна жол бербөө максатында толук иш алып барышкан. Ыкчам кырдаал курчуп кеткен учурда милиция күч колдонуп, таратууга даяр болчу. Бирок, буга жеткен жок. Милиция тарабынан көрүлгөн аракеттер менен түшүндүрүү иштери аркылуу кырдаал турукташты десек болот”, — дейт министрлик.

Маалым болгондой, 13 жана 18-майда болгон окуяларга байланыштуу Бишкектин жана Чүй облусунун тергөө кызматтары тарабынан 9 кылмыш иши козголгон (бейбаштык боюнча — 3, тоноо — 1, каракчылык — 1, массалык башаламандык — 3, расалык, этникалык, улуттук, диний региондор аралык кастыкты (араздашуу) козгоо – 1). Козголгон кылмыш иштердин алкагында 33 жаран жабырлануучу катары табылып, 10 жаранга (Кыргызстандын 6 жаранына жана 4 чет өлкөлүк жаранга) айып тагылган.

“ИИМ коомго каршы мыйзамсыз аракеттердин бардык катышуучуларын, чет өлкөлүк жарандарды тоноого жана сабоого тиешеси бар адамдарды аныктоону улантууда. Алардын эч кимиси жазадан кутула албайт. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Аталган окуялардын бардык жагдайлары кылдат иликтенет”, — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, бүгүн, 22-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев 13-майда болгон мушташка байланыштуу милиция өз убагында чара көрбөгөнүн, ИИМдин кызматкерлери депутаттарды, активисттерди аңдуу менен эле алек экенин, уюшкан кылмыштуу топ менен күрөшө албаганынан алар менен УКМК күрөшүп жатканын айтып, ИИМди жетектеген Улан Ниязбековду сындап, анын жоопкерчилигин кароону талап кылган.

«Депутаттарды аңдыбай иш кылсын». Улан Ниязбековдун жоопкерчилигин кароо сунушталды (видео)

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>