Жарандык активист Атай Бейшенбек эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Соттун чечими менен ал 20-декабрга чейин №1 тергөө абагында камакта болот.
Атай Бейшенбеков 20га жакын активист жана саясатчылар менен бирге «массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүүгө» шектелүүдө. Алардын дээрлик баары эки айга камакка алынды. Кармалгандар буга чейин Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыгып келишкен.
Активист Атай Бейшенбек өзүнүн күнөөсүз экенин айтып, ага кылмыш иши жалган-жалаа менен ачылып, оозун жабуу үчүн жасалып жатканын билдирди.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз