Бишкек: Ижарачы 83 жаштагы үй ээсин сабап өлтүрдү

Бишкек: Ижарачы 83 жаштагы үй ээсин сабап өлтүрдү

Кайгуул кызматкерлери адам өлтүрүүгө шектүү жаранды аныктады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, 23-октябрь күнү болжол менен саат 21:10 чамасында «102» кызматына Абдыкадыров көчөсүндө белгисиз аял сабалган абалда жатат деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке кызматкерлер келип, маалыматты тактаганда үй ээси менен ошол батирде убактылуу жашаган жарандын ортосунда уруш чыгып, ошонун айынан 1939-жылы туулган жаран каттуу сабалып, эс учуна келбей, ооруканага жетпей көз жумган.

Чакыруу менен келген кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи суй электе кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган Ы.Н. аттуу жаранды кармашып, Ленин райондук ИИБнин Тергө кызматына андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн жеткиришкен.

Бул факты Ленин райондук ИИБнин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>