Чүйдө телефон уурдаган учур видеого түшүп калган. Шектүү аял кармалды

Чүйдө телефон уурдаган учур видеого түшүп калган. Шектүү аял кармалды

Москва районунда телефон уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 23-октябрь күнү интернетте видео тарап, анда белгисиз аял Беловодское айылындагы дүкөндөн чыгып келе жаткан жарандын чөнтөгүнөн телефонун уурдап алып, окуя болгон жерден изин жашырып кеткени көрсөтүлгөн.

Аталган факт Москва РИИБге Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

25-октябрь күнү Чүй ОИИББнын жана Москва РИИБдин кылмыш иликтөө кызматкерлеринин  жүргүзгөн ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү 1979-жылы туулган Э.Г. аттуу жаран экендиги такталып, ал Жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Уурдалган «Редми» үлгүсүндөгү телефон алынып буюм далили болуп ишке тиркелди. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>