Активист Болот Ибрагимов журналист менен жаңжалдашы — видео

Активист Болот Ибрагимов журналист менен жаңжалдашы — видео

“NewTV” телеканалынын журналисти менен активист Болот Ибрагимовдун ортосунда жаңжал чыкты. Бул тууралуу телеканалдын расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка караганда, ортодогу чыр телекомпанияга таандык машина унаа токтотуучу жай жок болгондуктан, туура эмес жерге токтоп тургандыгынан улам келип чыккан. Унаа негизинен ал жерде көпкө турган эмес. Ал учурда шаардын Чолпон-Ата – Горький көчөлөрүнүн кесилишинде Болот Ибрагимов жол тескөөчүлөрү менен бирге мыйзамсыз токтотулган унаалар боюнча съемка тартып жүргөн.

Укук коргоо органдары мыйзам чегинде “NewTV” телеканалына таандык унаага протокол толтуруп, 500 сом өлчөмүндө айып пул төлөшкөн. Бирок, Болот Ибрагимов өзүн пиарлоо үчүн журналистке ар кандай сөздөрдү айтып, шылдыңдап, чагымчылдыкка чакырган.

Каналдын жетекчилигинин айтымында, журналист Элиза Балбакованын Ибрагимовдун үстүнөн арыз жазып, жазбай тургандыгын убакыт көрсөтөт.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>