Акыйкатчы адам сатуунун курмандыктарына көңүл бурууга чакырды

Акыйкатчы адам сатуунун курмандыктарына көңүл бурууга чакырды

Мамлекеттик органдарды адам сатуунун курмандыгына кабылгандардын коопсуздугун күчөтүп, жаңы жагдайларды жана тенденцияларды эске алуу менен адамдарды сатуунун алдын алуу боюнча натыйжалуу чараларды көрүүсү зарыл. Бул тууралуу акыйкатчы Жамиля Жаманбаева билдирди.

Ал көпчүлүк учурларда, адам сатуунун курмандыгына калктын аярлуу катмары кабылып жатканын эске салды. Алардын укуктарын камсыз кылуу бүгүнкү күндө эң актуалдуу жана орчундуу көйгөйлөрдүн бири бойдон калып жатканын белгиледи.

Өзгөчө коркунучта аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, мигранттардын балдары, жетим балдар, жарым жетимдер, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер жана кары-картаңдар. Алар ошондой эле, кулчулукка, сексуалдык эксплуатацияга, мажбурлап иштөөгө жана башка оор турмуштук кырдаалдарга туш болушу мүмкүн. Укук коргоо органдары тарабынан мындай жүрөктү ооруткан фактыларга бөгөт коюлушу керек.

«Ал эми аялдар жана балдар кошумча же болбосо өзгөчө коргоого муктаж», — деди Акыйкатчы.

Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери БУУнун Баңгизат менен күрөшүү программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен тыгыз кызматташтыкта Чолпон-Ата шаарындагы туристтик милиция кызматкерлерине жана эс алуу үйлөрүнө адам сатуу көйгөйү тууралуу билимин жогорулатуу максатында тренинг өткөрүштү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Акыйкатчы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>