Акыйкатчы бийликти аялдардын укугун коргоого чакырды

Акыйкатчы бийликти аялдардын укугун коргоого чакырды

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Министрлер кабинетин жана Башкы прокуратураны үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган кыз-келиндердин укуктарын коргоо жаатында кечиктирилгис чараларды көрүүгө чакырды. Бул тууралуу институттан билдиришти.

Мекеменин маалыматында, акыркы учурларда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган келиндерден даттануулар көбөйүүдө.

“Акыркы учурларда үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган келиндерден даттануулар көбөйүүдө. Алар кордолуп, укуктары бузулуп, аянычтуу тагдырга туш келип жатышат. Ошону менен катары эле, элибизде орчундуу көйгөй жараткан келин менен кайын журттун ортосундагы ажырымды бириктиришибиз керек. Кээ-бир үй-бүлөлөр ичинде кайын журттун кийлигишүүсүнөн жаш жубайлар ортосунда чыр-чатак чыгып, айрым учурларда келиндер өз жанын кыйууга барышууда. Ошол себептен тиешелүү мамлекеттик органдар үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган кыз-келиндердин укуктарын коргоо жаатында кечиктирилгис чараларды көрүшү зарыл ”,- дейт Жамиля Жаманбаева.

Белгилей кетсек, Жамиля Жаманбаева Айтурган Мамыркулованын өлүмүн боюнча ишти өз көзөмөлүнө алган. Учурда маркум келиндин жакындарына укуктук жана юридикалык жардам көрсөтүү чараларын көрүүдө.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Акыйкатчы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>