Акыйкатчы институту мектептерде кыргыз тили боюнча класстан класска көчүрүү сынагында окуучулардын укуктарынын сакталышын көзөмөлдөө максатында мониторинг жүргүзүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 27-30-май күндөрү институттун өкүлдөрү 5-6-класстын окуучулары үчүн мамлекеттик тил боюнча милдеттүү экзамендин уюштурулушу жана өткөрүлүшүнө байкоо жүргүзүшөт.
Мониторинг өлкөнүн 53 мектебинде: Бишкек шаарында – 15 мектепте, Ошто – 7 мектепте, Баткен облусунда – 8, Нарында – 12, Жалал-Абад облусунда — 4 , Таласта – 3, Ысык-Көл облусунда – 4 мектепте жүргүзүлүп жатат.
Институт Бишкек шаарындагы №72 мектепте мониторинг жүргүзүүгө уруксат берилбей, №70 мектепте фото жана видеого тартууга тыюу салынганын билдирди. Ал эми аймактардагы мектептерде институттун мониторингине түшүнүү менен мамиле кылышкан.
«Институт экзамен учурунда ар бир бала үчүн бирдей шарттар түзүлүшү керектигин белгилейт. Класстар зарыл техникалар менен жабдылып, мектептер санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп бериши абзел»,- деп билдирди мекеме.
Эске салсак, быйыл республиканын бардык жалпы билим берүү мекемелеринде менчигинин түрүнө жана окутуу тилине карабастан 5-6-класстын окуучулары биринчи жолу “Кыргыз тили” сабагы боюнча жазуу жана оозеки жүзүндө класстан класска көчүрүү экзаменин тапшырууда.