Акыйкатчысы институтунун кызматкерлери абактагы Махабат Тажибек кызы менен жолукту

Акыйкатчысы институтунун кызматкерлери абактагы Махабат Тажибек кызы менен жолукту

Акыйкатчысы институтунун кызматкерлери Чүйдөгү №2 аялдар абагында отурган журналист Махабат Тажибек кызы менен жолукту. Бул тууралуу аталган институттан билдиришти.

Белгилүү болгондой, буга чейин социалдык тармактарга Махабат Тажибек кызынын каты жарыяланып, анда ал камакта отурган аялдардын бири «өлтүрөм» деп коркутуп жатканын, өз өмүрүнө кооптонуп жатканын жазган.

Жолугушууда Махабат Тажибек кызы Акыйкатчы институтунун кызматкерлерине коркутуулар болгонун билдирген.

«Ооба, В. Лысенко тарабынан коркутуулар болгон. Ал нерсе мен абакка келген биринчи күндөрдө болгон. Ал мени өлтүрөм деп коркуткан. Азыр абактын жаңы жетекчиси тарабынан тиешелүү чаралар көрүлдү. Учурда менин өмүрүмө коркунуч жаралбай эле. Андыктан абактын кызматкерлерине жана соттолгондорго доом жок», — деп жазган ал өз арызында.

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери абактын жетекчилиги менен да баарлашкан. Мекеменин жаңы жетекчиси журналист Махабат Тажибек кызынын арызынын негизинде текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 13-февралда Лысенкону жалпы режимден катуу шарттагы кармоого (камералык типтеги жайга) которулганын маалымдаган.

Абакка кесилген эки журналисттин иши Жогорку сотто каралат

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>