АКШнын Иранга басып кириши. Эксперт глобалдык терроризмдин жаңы доорун божомолдоодоБишкекте жоогазындар фестивалы өтүп жататШКУ Ирандын лидерине аза күтүү белгиси катары желегин түшүрдүОрмуз кысыгынын жабылуу коркунучунан улам Brent маркасындагы мунайдын баасы 10%га өстүӨкмөттө Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандык жарандарды эвакуациялоо маселеси талкууландыЖогорку Кеңештин ишин эми ЖИ-алып баруучулар чагылдыра баштайт
Акылбек Жапаров Арменияга иш сапар менен барат
30.09.2024 | 14:49
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Армениянын Ереван шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Сапардын алкагында Жапаров Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышат, ошондой эле Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынында сөз сүйлөйт. Мындан тышкары бир катар жолугушуулар пландалууда.
Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун өкмөт башчысы Роман Головченко, Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов, Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин катышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом