Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Жумушчу программасынын алкагында Жапаров бир катар өнөр жай ишканаларын кыдырып, социалдык объектилердин курулушу менен таанышат, ошондой эле облустун тургундары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрөт.
Андан ары Жапаров Жалал-Абад облусуна жумушчу сапары менен барып, ал жерде да бир катар жолугушууларды өткөрүп, айрым социалдык жана өнөр жай ишканаларынын иши менен таанышмакчы.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз