Милициянын полковниги Бакыт Матмусаев эс алууга узатылды

Милициянын полковниги Бакыт Матмусаев эс алууга узатылды

Ички иштер органдарында 35 жылдан ашуун эмгектенген, полктун командиринин кызматын аркалаган милициянын полковниги Бакыт Матмусаев  16-январда салтанаттуу түрдө ардактуу эс алууга узатылды. Бул тууралуу ИИМдин Атайын багыттагы полктун басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Бакыт Матмусаев 35 жыл аралыгында катардагы милиционер кызматынан полктун командири кызматтарына чейин жеткен.

“Коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун камсыздоодо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө өз салымыңызды кошуп, көптөгөн жылдар боюу Кыргызстандын ички иштер органдарында жооптуу кызматтарда иштеп, жогорку кесипкөйлүгүңүздү жана чечкиндүүлүгүңүздү көрсөтө алдыңыз. Ошону менен катар, мыкты адистик чеберчилигиңиздин натыйжасында татыктуу шакирттерди тарбиялап, өздүк курам арасында бийик кадыр-баркка жана сыйга ээ болдуңуз. Сизге жаш кызматкерлерди тарбиялоого, атайын багыттагы полкунун ишмердүүлүгүн жакшыртууга кошкон салымыңыз үчүн  ыраазычылыгыбызды билдиребиз”, – деди полктун командири, милициянын полковниги Майрамбек Турсункожоевич билдирди.

Ал эми Бакыт Матмусаев милиция кызматкерлерин берген антына бекем туруп, ѳз милтеттерин так аткарууга үндөдү.

“Милициянын иши эч убакта жеңил болгон эмес. Өлкөбүздүн аймактарында туруктуулукту, тынчтыкты камсыз кылып, келечекте өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошуу милдети ар бириңердин колуңарда. Урматтуу кесиптештер, сиздер күн сайын коопсуздукту жана  укуктук тартипти камсыздаган кызматкерлердин биринчи катарындасыңар. Коомдук тартипти, жарандарыбыздын коопсуздугун камсыздоодо, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө эл-журтубуздун алдында берген антыңарга бекем туруп, ѳз милтеттериңерди так туура жана чоң жоопкерчилик менен аткаргыла” — деди Матмусаев.

Андан соң өздүк курамдын атынан салтка айланган чапан, калпак кийгизишип, баалуу белек тапшырышты.  Бул салтанаттуу иш-чара өздүк курамдын саптык жүрүшү менен аяктады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>