Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 15-16-октябрда иш сапары менен Пакистандын борбору Исламабад шаарына барат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Сапардын алкагында Жапаров Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын 23-жыйынына катышат. Мындан тышкары бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.