Трамп Кубаны «басып алуу» ал үчүн чоң сыймык болорун билдирдиБишкекте мотоцикл, скутер жана мопед айдоочуларына карата рейддер башталдыЖергиликтүү продукция деп сатылган кытай картошкасы: Кыргызстанда рейддер башталатИИМ: «Кыргызнефтегаз» ишканасындагы коррупция боюнча кылмыш иши козголдуЕЭК Кытайды евразиялык логистиканын ачкычы деп атадыӨзбекстан импорттоочулардын массалык дооматтарынан улам жашылча экспортун көзөмөлдөө тутумун өзгөртүүдө
Жапаров пенсия, жөлөк пулду жыл сайын көтөрүп туруу убадасын берди
07.12.2023 | 17:02
Өкмөт пенсия, жөлөк пулду жыл сайын көбөйтүп турмакчы. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Москва районундагы Крупская айылында аз камсыз болгон жарандар үчүн курулган социалдык шаарчанын ачылыш аземинде билдирди.
Ал аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилип жаткан кайтарымсыз жардамды 200 миң сомдон берүү пландалып жатканын айтты.
“Пенсия, жөлөк пул, айлыктарды колубуздан келсе, жыл сайын көтөрөбүз. Элде болсо, анан бизде болот. Биз эч кимди артка калтырбайбыз”, – деди Акылбек Жапаров.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом