Нооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленетКыргызстанда шаурманын баасы кантип жана эмне үчүн айырмаланат?Кытай Кыргызстанда катаракта менен жабыркаган бейтаптарга акысыз операцияларды өткөрүүнү сунуштадыКыргызстанда 4-апрель Санариптик технологиялар чөйрөсүнүн кызматкерлеринин күнү деп белгилендиСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады20-март: Айрым аймактарда жаан жаайт
Акыркы коңгуроо 26-майда кагылат. Быйыл мектепти канча окуучу аяктап жатат?
22.05.2025 | 15:46
Быйыл 2024-2025-окуу жылынын акыркы коңгуроосу 26-майда кагылат. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бул жылы 11-классты жалпы 80 миң 540 окуучу бүтүрүүдө. Анын ичинен 2 миң 489 окуучунун “кызыл аттестат” алуусу күтүлүп жатат.
Ал эми 9-классты 134 миң 681 окуучу аяктап жатат, анын ичинен 5 миң 756 окуучу артыкчылык күбөлүгүнө талапкер болууда.
Аймактарда мектептерди канча бүтүрүүчү аяктап жатат?
Бишкек шаары:
- 9-класс: 24 585 (кызыл күбөлүк алгандар – 839)
- 11-класс: 14 116 (кызыл күбөлүк алгандар – 586)
Ош шаары:
- 9-класс: 8 647 (кызыл күбөлүк алгандар – 310)
- 11-класс: 3 489 (кызыл күбөлүк алгандар – 183)
Талас облусу:
- 9-класс: 5 506 (кызыл күбөлүк алгандар – 161)
- 11-класс: 3 279 (кызыл күбөлүк алгандар – 68)
Жалал-Абад облусу:
- 9-класс: 24 725 (кызыл күбөлүк алгандар – 1 662)
- 11-класс: 12 548 (кызыл күбөлүк алгандар – 387)
Нарын облусу:
- 9-класс: 5 696 (кызыл күбөлүк алгандар – 368)
- 11-класс: 4 128 (кызыл күбөлүк алгандар – 236)
Ош облусу:
- 9-класс: 26 707 (кызыл күбөлүк алгандар – 1 097)
- 11-класс: 18 247 (кызыл күбөлүк алгандар – 416)
Баткен облусу:
- 9-класс: 10 726 (кызыл күбөлүк алгандар – 429)
- 11-класс: 6 440 (кызыл күбөлүк алгандар – 239)
Ысык-Көл облусу:
- 9-класс: 9 696 (кызыл күбөлүк алгандар – 356)
- 11-класс: 6 493 (кызыл күбөлүк алгандар – 184)
Чүй облусу:
- 9-класс: 18 393 (кызыл күбөлүк алгандар – 534)
- 11-класс: 11 800 (кызыл күбөлүк алгандар – 190)
Рубрики: Жаңылыктар, Коом