Акыркы суткада өлкө аймагында 5 өрт кырсыгы катталган

Акыркы суткада өлкө аймагында 5 өрт кырсыгы катталган

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 5 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 6 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Өрт кырсыгы катталган аймактар: Ош облусу 1, Баткен 1, Жалал-Абад 1, Жалал-Абад шаары 1, Ысык-Көл 1.

Каракол шаарында «Форд-Фокус» үлгүсүндөгү автоунаа толугу менен күйүп кеткен. Ошондой эле анын жанындагы «Газель» унаасынын эшиктери жана УАЗ кыймылдаткыч тарабы күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда. Жабыркагандар катталган жок.

Ал эми калган аймактардын басымдуу бөлүгүндө турак үйлөрдүн чатырынан жана короодо жыйылган кургак чөптөр күйгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>