Акыркы суткада 241 адамдан илдет аныкталып, бир киши көз жумду

Акыркы суткада 241 адамдан илдет аныкталып, бир киши көз жумду

Кыргызстанда соңку суткада илдет 241 адамдан аныкталды. Бул тууралуу штабдан кабарлашты.

Бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониянын катталган жаңы учурлары аймактар боюнча: Бишкек – 73, Ош – 13, Чүй облусу – 55, Ош облусу – 22, Талас облусу – 6, Нарын облусу – 3, Ысык-Көл облусу – 38, Жалал-Абад облусу – 19, Баткен облусу – 12.

Бүгүнкү күнгө чейин жалпы 78 миң 151 адамга вирус жуккан, анын 71 миң 270и сакайды.

Ал эми акыркы суткада коронавирустан бир жаран каза болду, республика аймагында бүгүнкү күнгө чейин 1 миң 317 киши илдеттин курмандыгы болду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>