Эдил Байсалов пакистандык студенттердин жатаканасына барды

Эдил Байсалов пакистандык студенттердин жатаканасына барды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 18-майга караган түнү бейбаштар кол салган Кыргызстан Эл аралык университетинин Медицина факультетинин жатаканасына барды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Маалыматка караганда, аны Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Хасан Али Зайгам, ошондой эле Эл аралык университеттин президенти, Улуттук илимдер академиясынын академиги Асылбек Айдаралиев коштоп жүрүштү.

Эдил Байсалов чогулган чет элдик студенттерге жана мугалимдерге кечирим сураган сөздөр менен кайрылды.

«Жеке адамдардын бул кылмыштуу аракеттери меймандостук маданиятына жана биздин каада-салттарыбызга эч кандай тиешеси жок. Элибиз эзелтеден бери алыстан келген конокторго өзгөчө урмат-сый, камкордук менен мамиле кылып келген. Биз аларды «мусапыр» деп атайбыз. Урду тилинде да ушундай сөз бар экенин билем жана бул биздин элдерибиздин жакындыгынын көрсөткүчү.  Биздин өлкөдө чет өлкөлүк студенттерге зор тилектештик менен мамиле кылынат, алар элдердин ортосундагы достукту чыңдоо үчүн көпүрө болуп саналат. Биз саясий маселелер бар экенин, социалдык тармактарда көптөгөн жалган маалыматтар таратылып жатканын түшүнөбүз. Ата-энең, жакындарың силер Кыргызстанда коркунучта эмес экенинерди, силердин бакубат жашооңор үчүн толук жоопкерчилик бийликте экенин билиши керек. Бир түндө болгон окуялар элибиздин сизге болгон мамилесин чагылдырбайт. Укук коргоо органдары окуянын бардык жагдайларын тыкыр иликтөөдө жана күнөөлүүлөрдүн баарын сөзсүз жоопко тартат», — деди Байсалов.

Андан кийин ал чет элдик студенттердин суроолоруна жооп берип, алар жашаган бөлмөлөрүн карап чыкты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>