Акыркы суткада 51 адамдан илдет аныкталды. Бул тууралуу штабдан кабарлашты.
Бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониянын катталган жаңы учурлары аймактар боюнча: Бишкек – 10, Ош – 6, Чүй облусу – 22, Ош облусу – 0, Талас облусу – 1, Нарын облусу – 2, Ысык-Көл облусу – 0, Жалал-Абад облусу – 0, Баткен облусу — 1
Өлкө аймагында коронавирус жалпы 86 миң 142 адамга жукту, анын 83 миң 61и сакайды.
Өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок. Бүгүнкү күнгө чейин жалпы 1 миң 463 адам коронавирустун курмандыгы болду.