Ленин РИИБдин жетекчисинин орун басары милициянын мурдун сындырды

Ленин РИИБдин жетекчисинин орун басары милициянын мурдун сындырды

Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Талгат Өскөналиев башаламандык уюштурду. Бул тууралуу басылмалардын бири күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянуу менен жазып чыкты.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 21-февралга караган түнү Өскөналиев айдап бара жаткан унааны Патрулдук милиция кызматкерлери токтотушкан. Тартип сакчылары айдоочу мас абалда унааны башкарууда деп күмөн санашып, Өскөналиевден документтерин көрсөтүүнү өтүнгөндө баш ийбей койгон. Анын жыйынтыгы жаңжалдашуу менен аяктаган.

Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басарын наркологиялык клиникага алып барган учурда, ал экспертизадан өтүүдөн баш тартып, каршылык көрсөтө баштаган. Натыйжада окуя болгон жерге ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери келишкен. Өскөналиев алар менен дагы жаңжалдашып, орун басарлардын биринин мурду сынганы айтылат.

Ал эми Өскөналиев катышкан окуяны телеканалдардын биринин журналисттери тартып алышкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>