Тигүүчүлөр жана электрондук соода менен алектенгендер бирдиктүү салыктан убактылуу бошотулдуНарында ок атуу боюнча жаңы спорттук тир ачылдыКыргыз улуттук филармониясы жана Кореянын Сеул искусство жана маданият фонду кызматташатДүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына «Бишкек Аренага» шаттл-автобустар каттайт – даректерКылымдарды карыткан Кытай: Бишкекте өзгөчө эл аралык көргөзмө ачылдыБишкекте Кызыл-Суу кыргыздарынын аткаруусунда «Манас» спектакли коюлат
Бишкекте жашыруун цех ачып алган чет элдик жарандар кармалды
26.02.2021 | 10:58
Бишкек шаарында биологиялык активдүү кошулмалардын (БАД) түрлөрүн жашыруун даярдап сатуу менен алектенген чет өлкөлүк эки жаран кармалды. Бул тууралуу Каржы полициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка таянсак, алар “Сейдене майы”, “Зайтун майы”, «Омега 3-6-9» деген каражаттарды колго жасоочу жашыруун цех ачып алышып, санитардык талаптар сакталбаган шартта, тийиштүү уруксат документи жок иштеп жатышкан.
Ал эми Цехтин ээлери боюнча материалдар “мыйзамсыз ишкерлик” деген берене менен катталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар