Жалал-Абад облусунда жерди мыйзамсыз басып алуу фактысы аныкталды: мамлекетке келтирилген зыян 15 млн сомдон аштыКыргызстанда көмүр тармагын колдоо жана салык салууну жөнөкөйлөтүү боюнча жаңы мыйзам даярдалуудаКыргызстан менен Россия агросектордогу кызматташтыкты күчөтөт: Москвадагы жолугушуулардын жыйынтыгы4-апрель: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтСогуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алды
Акыркы суткада илдеттен 2 адам каза болду
20.12.2020 | 11:37
Өлкөдө акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмония оорусу 211 адамдан аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Коронавирус жана пневмонияны жуктургандар аймактар боюнча:
Бишкек – 64, Ош – 6, Чүй облусу – 56, Ош облусу – 12, Талас облусу – 3, Нарын облусу – 4, Ысык-Көл облусу – 50, Жалал-Абад облусу – 10, Баткен облусу – 6.
Бул көрсөткүч менен өлкөдө коронавирус аныкталган адамдардын жалпы саны 79 миң 122ге жетти.
Ал эми илдеттен сакайып чыккандардын жалпы саны 72 миң 780 болду.
Бүгүн вирустан 2 киши каза болду, жалпы 1 миң 330га жетти.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом