Акыркы жылдары Орусиядагы мигранттардын саны азайды. Ошондой эле Англиядагы мезгилдик жумуштарга болгон суроо-талап өстү. Бул тууралуу эмгек министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу билдирди.
“Мисалы, бүгүнкү күндө 600 миңдей кыргызстандык тышкы миграцияда болсо, анын 379 миңи Орусия жергесинде. 2020-жылдагы маалыматта Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын саны 680 миңге чамалачу”,- деп билдирди ал.
Анын айтымында, азыркы тапта кыргызстандыктар 29 өлкөгө тышкы миграцияга кетип жатышат. Анын ичинен Англияга болгон суроо-талап көп.
Бакыт Дарманкул уулу быйыл Англиядагы мезгилдик иштерге 2,5 миң кыргызстандык жөнөт кеткенин, дагы 3 миң жарандын кетиши күтүлүп жатканын билдирди.
“Биздин министрликтин жарандарды чет өлкөлөргө жумушка орноштуруу боюнча борбор бар. Ал борбор төрт жеке агенттиктер менен иштешет. Жыйынтыгында, өткөн жылы 20 миңге жакын адам чет өлкөлөргө кетишти. Бүгүнкү күндө 29 мамлекетке кетип жатышат. Эң суроо-талап көп каттам – Англия. Ал жакка негизинен мезгилдик иштерге барышат. Кабыл алуучу тараптын талабы – жумуш күчү кайсы бир мөөнөттө иштеп, андан соң мекенине кайтып кетиши керек. Англия бүт чет өлкөлүк жарандарга 40 миң квота берген, анын он миңин биз пайдаланып жатабыз”, — деген ал.
Анын айтымында, кыргыз бийлиги башка өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын кыйынчылыктарын азайтууга гана эмес, аларды мекенине кайтарууга да кызыкдар.