Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
Акжол Махмудов экинчи ирет Олимпиадада байге алды (видео)
08.08.2024 | 00:22
Грек-рим балбаны Акжол Махмудов (77 кг) Париждеги Олимпиада оюндарынын коло байгесин утту.
Махмудов үчүнчү орун үчүн азербайжандык Санан Сулайманов менен күч сынашты. Беттеш 5:5 эсебинде аяктап, Махмудовдо артыкчылык упайы болгондуктан, жеңишке жетти. Ошентип ал Париждеги Олимпиада оюндарынан коло байге утту.
Бул байге – Акжол Махмудовдун Олимп оюндарындагы экинчи медалы. Ал 2021-жылы Токиодо күмүш байге уткан.