Ош менен Лахор шаарлары туугандык байланыштарды орнотуу боюнча меморандум түзүштүОбъективде — илбирс менен аюу: Нарында Кызыл китепке кирген жаныбарлар эсепке алынуудаУлуттук банк компаниялар жана жеке ишкерлер аркылуу накталай акча алууну көзөмөлдөөнү катаалдаштырууну сунуштадыКыргызстан менен Пакистан кызматташуу боюнча 15 документке кол коюштуМаматалиев: Беш жылда 700дөн ашык билим берүү объектиси курулуп, оңдолдуПакистан Кыргызстанга Карачи жана Гвадар портторуна транспорттук жол ачуу мүмкүнчүлүгүн сунуштады
Үзүр Жусупбеков Олимпиада оюндарынын коло байгесин утту (видео)
08.08.2024 | 01:05
Грек-рим балбаны Үзүр Жусупбеков (97 кг) Париждеги Олимпиада оюндарынын коло байгесин утту.
Коло үчүн ал египеттик Мохамед Али Габр менен күрөштү. Кармаш 1:1 эсебинде жыйынтыкталып, акыркы упайды Жусупбеков алгандыктан, ал жеңишке жетти. Бирок беттештен кийин египеттик тарап кармаштын соңунда эреже бузуу болду деп челленж ыргытып, видеокайталоо сурады. Калыстар видеокайталоону карап чыгып, эреже бузуу тапкан жок. Мындан улам Жусупбековго дагы 1 упай берилди.
Ошентип Үзүр Жусупбеков алгач ирет Олимпиаданын медалына кол жеткизди.