Жогорку Кеңеш Максат Асаналиевди УКМКнын төрагасы кызматына дайындоого макулдук бердиСадыр Жапаров «Ынтымак Ордодо» Пакистандын премьер-министри менен жолугуштуМаматалиев: Жер сатылат деген маалыматты тараткандардын арасында депутаттар да болгон«Акырындык менен, шашпастан»: Путин ШКУнун кеңейиши тууралууКыргызстан көкпар боюнча биринчи оюнда Монголияны 12:1 эсебинде талкаладыКыргызстан Мисир өлкөсү менен соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүнү көздөөдө
Олимпиада: Амантур Исмаилов коло үчүн беттешти улантат
07.08.2024 | 22:41
Грек-рим балбаны Амантур Исмаилов Олимпиада оюндарынын коло байгеси үчүн күрөшүүгө мүмкүндүк алды.
67 кг салмакта күрөшкөн Исмаилов бүгүн, 7-августта килемге чыкты.
Ал таймашты 1/8 финалдан баштап, алгач грузиялык Рамаз Зоидзени 12:1 эсебинде утту. Бирок чейрек финалда украиналык Парвиз Насибовге 6:7 эсебинде жеңилип калды.
Аны уткан украиналык балбан финалга өткөндүктөн, Исмаилов көңүл жубатуучу кармашка чыгып, коло үчүн беттешти улантууга мүмкүндүк алды.
Көңүл жубатуучу беттеш эртең, 8-августта саат 15:00до өтөт. Анда Амантур Исмаилов сербиялык Мате Немеш менен күрөшөт. Эгер аны жеңсе, коло үчүн беттешке чыгат.