Акжол Махмудов Сербиядагы Дүйнө чемпиондугунда күрөшөт

Акжол Махмудов Сербиядагы Дүйнө чемпиондугунда күрөшөт

Грек-рим күрөшү боюнча 2020-жылдагы жеке Дүйнөлүк Кубокко катышуу үчүн Кыргызстандын курама командасында кимдер бар экени белгилүү болду. Бул тууралуу Prosports.kg жазды.

Мелдеш 12-18-декабрь күндөрү Сербия мамлекетинин борбор шаары Белградда өтөт.

Жалпысынан Дүйнөлүк Кубокко Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасына 9 спортчу киргизилген:

55 кг чейин — Балбай Дордоков

60 кг чейин — Жоламан Шаршенбеков

63 кг чейин — Калый Сулайманов

67 кг чейин — Халмурат Ибрагимов

72 кг чейин — Руслан Царев

77 кг чейин — Акжол Махмудов

82 кг чейин — Кайрат Түгөлбаев

87 кг чейин — Атабек Азизбеков

97 кг чейин — Узур Жусупбеков.

Спортчулардын башкы машыктыруучу — Азат Эркимбаев, ал эми улук машыктыруучу — Улукбек Карачолоков.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>