Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Жалал-Абаддын Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнүн жооптуу кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Алар райондогу мектептердин директорлоруна кысым көрсөтүп мыйзамсыз акча чогултуп жүргөн деп шектелүүдө. Маселен №33 мектептин директорунан «МБанк» аркылуу 127 миң 975 сом акча котортуп алышкан.

Бул фактылар боюнча Ала-Буканын прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөөнү жүргүзүү үчүн иш райондук милицияга өткөрүлүп берилди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>