Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду
20.12.2024 | 09:26
Жалал-Абаддын Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнүн жооптуу кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Алар райондогу мектептердин директорлоруна кысым көрсөтүп мыйзамсыз акча чогултуп жүргөн деп шектелүүдө. Маселен №33 мектептин директорунан “МБанк” аркылуу 127 миң 975 сом акча котортуп алышкан.
Бул фактылар боюнча Ала-Буканын прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөөнү жүргүзүү үчүн иш райондук милицияга өткөрүлүп берилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом