Ала-Бука районунда айыл өкмөт башчы менен депутат кармалды

Ала-Бука районунда айыл өкмөт башчы менен депутат кармалды

Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда мурдагы айыл өкмөт башчы менен жергиликтүү кеңештин депутаты коррупцияга шектелип кармалышты. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Балтагулов айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы (Н.Б.) жергиликтүү кеңештин депутаты (С.Ж.) менен сүйлөшүп алып, 2023-2024-жылдар аралыгында турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин берүү убадасы менен жергиликтүү тургундардан 100 миңден 300 миң сомго чейин акча алган.

Андан кийин Н.Б. жер тилкелерин бөлүп берүү тууралуу 136 жасалма буйрук чыгарып берип, бирок документте ал жерлер каякта жайгашканы көрсөтүлгөн эмес. Жергиликтүү тургундарга келтирилген зыяндын суммасы алдын ала эсептөөлөр боюнча 10 млн сомду түзөт.

Мындан тышкары мурдагы айыл өкмөт башчы жанагы депутатка ресторан куруу үчүн 1 гектар жерди мыйзамсыз бөлүп бергени, анын 20% үлүшүн ала турган болгону аныкталган.

Учурда кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>