Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн бала бакчанын курулушу башталдыБорбор калаанын базарларында жана дүкөндөрүндө жумуртканын баасы орточо эсеп менен бир даанасына үч сомго чейин арзандадыКыргызстанда 430 миңге жакын адам вирустук гепатит менен жашайтДүйнө глобалдык экономикалык кризистин босогосунда турат жана Кыргызстандын ШКУдагы ролу азыр өтө маанилүү — экспертИИМ Тай-Мурас Ташиевге карата кылмыш ишин козгодуОштогу бүтпөй калган курулуш объектилерин Курулуш министрлиги аягына чыгарат
“Ала-Тоо” аянтындагы ардактуу кароол жайы жаңыланды
02.01.2024 | 19:36
Бишкектин “Ала-Тоо” аянтындагы ардактуу кароол жайы жаңыланды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.
Маалыматка караганда, ардактуу кароол жайын жаңылоого 1 млн 345 миң 500 сом жумшалып, каражат демөөрчүлөр тарабынан берилген.
Белгиленгендей, кабинага инфракызыл жылыткыч жана жылуу пол орнотулуп, кабинанын үстүнкү бөлүгү алмаштырылып, чыңдалган айнектер орнотулуп, жаңы килемдер төшөлдү. Металл тосмолор сырдалып, элементтери алмаштырылды.
Мындан тышкары, стандарттык өлчөмү 75 сантиметр болгон Кыргызстандын мамлекеттик гербинин сүрөтү орнотулду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар