Жапаров Жапониянын императору менен премьерине көңүл айтты

Жапаров Жапониянын императору менен премьерине көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Жапониянын императору Нарухитого жана премьер-министри Фумио Кисидага жер титирөөгө байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

«Болуп өткөн жер титирөөдөн улам көптөгөн курмандыктарга алып келген кыйроолор жана андан жабыр тарткан жарандар жөнүндө кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Жалпы япон элине чын жүрөктөн чыккан тилектештик жана колдоо сөздөрүмдү жеткирип коюуңузду өтүнөм. Каза болгондордун туугандарынын аза кайгысын тең бөлүшөм. Бул апааттан жабыр тарткандардын бардыгынын тез сакайып кетишин каалайм», — деп айтылат телеграммада.

Белгилей кетсек, 1-январда Япониянын батышында бир катар күчтүү жер титирөөлөр болду. Жалпысынан эки сааттын ичинде Исикава жана Ниигата префектураларында 30га жакын жер титирөө катталды, алардын эң күчтүүсү 7,6 баллга жеткен.

Жергиликтүү ЖМКлардын билдирүүсүнө караганда, каза болгондо адамдардын саны 50гө жетти. Кеминде 110 имарат кыйрап, өлкөнүн батыш тарабында цунами коркунучу бар экендиги жарыяланды.

Жапониядагы жер титирөөдөн жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>