Жээнбек Кулубаев ШКУга мүчө мамлекеттердин улуттук координаторлорун кабыл алдыБишкекте Чүй проспектисинин жабылышына байланыштуу 16 автобустун каттамы убактылуу өзгөрөтОш шаарында бир нече негизги көчөлөр оңдолуп, пайдаланууга берилдиТүтүнсүз Көчмөндөр оюндары: Саламаттык сактоо министрлиги стадиондордо тамеки тартууга тыюу салынганын эскерттиНепалдагы табигый кырсыкка байланышуу Садыр Жапаров Рам Чандра Пауделге көңүл айттыТибеттеги сел кырсыгына байланыштууу Садыр Жапаров Си Цзиньпинге көңүл айтты
“Ала-Тоо” аянтындагы ардактуу кароол жайы жаңыланды
02.01.2024 | 19:36
Бишкектин “Ала-Тоо” аянтындагы ардактуу кароол жайы жаңыланды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.
Маалыматка караганда, ардактуу кароол жайын жаңылоого 1 млн 345 миң 500 сом жумшалып, каражат демөөрчүлөр тарабынан берилген.
Белгиленгендей, кабинага инфракызыл жылыткыч жана жылуу пол орнотулуп, кабинанын үстүнкү бөлүгү алмаштырылып, чыңдалган айнектер орнотулуп, жаңы килемдер төшөлдү. Металл тосмолор сырдалып, элементтери алмаштырылды.
Мындан тышкары, стандарттык өлчөмү 75 сантиметр болгон Кыргызстандын мамлекеттик гербинин сүрөтү орнотулду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар