Ош облусунун Алай районунда муниципалдык туристтик жай ачылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Сарыбашев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Анын айтканына караганда, Көлдүк айылында “Чоң-Көл” муниципалдык эс алуу борбору ачылды. Жеке менчик эмес, муниципалдык эс алуу борбору элге кызмат көрсөтөт. Жергиликтүү бийлик борбордун айланасын көрктөндүрө турганын айтышты. Бул айылда 3 көл бар. Чоң-Көлдө 4 мезгилде тең эс алса болот.