Кайгуул кызматкерлери 70 жаштагы апанын өмүрүн сактап калышты

Кайгуул кызматкерлери 70 жаштагы апанын өмүрүн сактап калышты

Кайгуул кызматкерлери 70 жаштагы апаны ооруканага жеткирип өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 22-октябрь күнү  кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуулда жүргөн учурда,  Бишкек шаарынын Горький жана Матрасов көчөлөрүнүн кесилишинен жол эрежесин бузган “Hyundai Sonata” үлгүсүндөгү авто унааны жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтотушкан.

Бирок кызматкерлер авто унаанын терезесинен кыйналып турган апаны көрөөр замат айдоочунун документтерин текшергендин ордуна ыкчам ооруканага жеткирүү керек экендигин айтышып, авто унааны кызматтык унаанын артынан айдаттырып, коштоп жүрүү менен №4-шаардык ооруканга шашылыш түрдө жеткиришкен.

 

Кийин доктурлар эгерде 4-5 минут кечигип калганда ападан айрылып калуу коркунучу бар экендигин айтып, ооруканага жеткирген кызматкерлерге ыраазычылыктарын билдирген.

Эртеси апанын баласы да  кайгуул кызматынын кеңсесине атайын келип  кызматкерлерге ыраазылык билдирип кеткен.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>