Аламүдүн районунда жол кырсыгынан 4 адам жабыркады

Аламүдүн районунда жол кырсыгынан 4 адам жабыркады

Чүй облусунун Аламүдүн районунда “Хонда CRV” үлгүсүндөгү унаа жол кырсыгына кабылып, 4 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчөкырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, кырсык 10-май күнү саат 18:44 чамасында Панорама дачасына бара жаткан жолдо болгон.

“Айдоочу рулду башкаралбай, унаа оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 35 жаштагы адам катуу жаракат алып, куткаруучулардын жардамы менен тез жардам кызмытына өткөрүлүп берилген. Калган үч адам жеңил жаракат алган”, — деп жазылат министрликтин пресс-релизинде.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>