Аламүдүндө өз кызын зордуктаганга шектелип атасы кармалды

Аламүдүндө өз кызын зордуктаганга шектелип атасы кармалды

Пригородное айылынын 2002-жылы туулган жергиликтүү тургуну С.Д., ички иштер органдарына аны зордуктаган атасына чара көрүү жөнүндө арыз менен кайрылган. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Бул факт милиция кызматкерлери тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси «Зордуктоо» боюнча кылмаштардын жана жооруктардын бирдиктүү каттоосуна алынган.

Арыз ээси 1-февралда саат 17:00 чамасында атасы анын эркине каршы зордуктаганын түшүндүргөн. Бул тууралуу ал апасына кабарлаган. Мындан тышкары, арыз ээси кошумчалагандай, биринчи жолу анын атасы 2019-жылы 17 жашында зордуктаган.

Бул кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган Т.И. аттуу жаран кармалган.

Мындан тышкары, милиция шектүү январь айынын ортосунда Орусиядан келип, үй-бүлөсү менен көрсөтүлгөн даректе жашагандыгын аныктады.

Учурда кармалган адам Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды.

Сотко чейинки процесстер уланууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>