«Гавайинин» ээси Журат Абдуллаев өз үйүндө кайтыш болдуОш мэри: Өрттөнгөн көп кабаттуу үй мэриянын эсебинен оңдолотОш шаарында көп кабаттуу үйдөн ири өрт чыктыБишкекте айдоочулук күбөлүгү жок өспүрүм катышкан жол кырсыгы болуп, бир бала каза таптыСаясат жана кылмыш темаларын чагылдырган журналист Вадим Ночевкин каза таптыТаш жүктөп бараткан. Бишкекте жүк ташуучу унаа оодарылып кетти
Аламүдүндө алдамчылыкка шектелген аял кармалды
21.07.2022 | 17:05
Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Ал жабырлануучуга бала бакчанын ачылышында иш кагаздарын жүргүзүүгө жардам берүүнү убадалап, бирок алдап кеткен. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
«Арыз ээсинин айтымында, аял андан ири суммадагы акча алган, андан кийин дайынсыз жоголгон. Окуя фактысы боюнча кылмыш иши козголду. 39 жаштагы шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди», – деп билдиришти укук коргоо органдары.
Тергөө кармалган адамдын ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар-жогун текшерүүдө. Шылуундун аракетинен жапа чеккендер милицияга төмөнкү телефондор аркылуу байланышса болот: 0312363527, 0312363523.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом