Сүрөт: Чолпон-Атада Борбор Азия лидерлерине сый тамак уюштурулду

Сүрөт: Чолпон-Атада Борбор Азия лидерлерине сый тамак уюштурулду

Бүгүн, 21-июлда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы “Рух Ордо” маданий борборунда Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларына президент Садыр Жапаровдун атынан расмий сый көрсөтүлдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, анда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовго, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге расмий сый тамак уюштурулду.

Сыйлуу меймандар үчүн концерттик программа сунушталды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>