Кыргызстанда айыл чарба техникаларынын жазгы талаа иштерине даярдыгы 89%га жеттиМосквада белгилүү сүрөтчү Семён Чуйковдун көргөзмөсү ачылатТМУ өлкөлөрү соттук-эксперттик мекемелердин бирдиктүү Түрк тармагын түзүүнү макулдаштыКыргызстанда банктык насыяларды берүү ыргагы кескин басаңдадыОштун мэри «Алай» футболдук клубуна автобус тапшырдыКыргызстанда климаттык ишмердүүлүк жөнүндө мыйзам сунушталды
Аламүдүндө курал, ок-дарылар катылган жай табылды
18.09.2021 | 16:22
Аламүдүн районунда катылган АК-74 жана ок-дарылар жашырылган жай табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдирди.
Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, курал жана ок-дарылар кылмышкерлер тарабынан өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн даярдалган болушу мүмкүн.
Учурда алынган куралдын келип чыгышын жана бул жашырууну уюштурган адамдарды аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.
УКМК ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды жана жардыруучу түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, сатуу, сактоо, ташуу же алып жүрүү кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом