Миң чакырымдан ашык: Быйыл Кыргызстанда кайсы жолдор оңдолот?«Алтын-Булак» санаторийи жер тилкеси менен мамлекетке кайтарылдыМАР Кыргызстанда балдар бакчаларына жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө 6,36 млн доллар бөлөтӨлкөдө кенелердин активдүүлүгү башталды. Жыл башынан бери кене чаккан 17 учур катталдыБишкектин тургундары Скрябин көчөсүндөгү жөө өтмөктүн ыңгайсыздыгына даттануудаКРда батирлерге чет өлкөлүктөрдү каттоонун санына чектөө киргизүү көздөлүүдө
Алдамчы шаар тургунун унаасыз калтырды. Шектүү кармалды
27.12.2022 | 10:09
Бишкекте алдамчылыкка шектелип 51 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкектин Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 4-ноябрда милицияга А.Ж. аттуу жаран кайрылып, Ж.А. аттуу жаран быйыл 3-августта баасы 6 миң долларлык Subaru Impreza унаасын бөлүп төлөө жолу менен сатып алуу шылтоосу менен алып, аны башка адамдарга сатып салганын билдирген.
Бул факт каттоого алынып, Кылмыш кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 51 жаштагы Ж.А. аттуу жаран кармалган.
Райондук соттун чечими менен шектүү №1 тергөө абагына эки айга камакка алынган.
Учурда иликтөө уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом