«Жомок» каньонунда асканын бетине сөз жазып кеткендер кармалды

«Жомок» каньонунда асканын бетине сөз жазып кеткендер кармалды

Ысык-Көл облусундагы «Жомок» каньонунда асканын бетине сөздөрдү жазып кеткен эки жигит кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 26-декабрь күнү социалдык тармактарда Ысык-Көл облусунун Тоӊ районунда жайгашкан «Жомок» каньонунда белгисиз жарандар өӊү кызыл түстөгү боёк менен асканын бетине сөздөрдү жазып кетишкени туурасында маалымат жарыяланган.

Аталган маалымат Тоӊ РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу жөнөгөн. Жерине барган учурда милиция кызматкерлери өӊү кызыл түстөгү боек менен “КЕРА, ТУМАР 24,  @jantoroev-54, S666_17” деп жазылган  жазуулар аныкталган.

Териштирүү иштеринен улам, милиция кызматкерлери тарабынан аталган жазууларды жазган жарандардын өздүктөрү аныкталган.

Алар, Түп районунун 22 жаштагы тургуну Э.К. жана Ош облусунун 19 жаштагы тургуну Ж.А. экендиги аныкталып, алар күнөөлөрүн толугу менен моюндарына алышты. Аска бетиндеги жазуулар толугу менен өчүрүлгөн.

Териштирүү иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>