ӨКМ: 2-апрелге чейин айрым ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөт1-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт29-мартка карата аба ырайыЭл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боор
Алдамчылыкка шектелип, издөөдө жүргөн жаран Вьетнамдан Бишкекке алынып келинди
26.12.2025 | 17:40

Башкы прокуратура алдамчылыкка шектелген Кыргызстандын жаранын Вьетнамдан Бишкекке экстрадициялап алып келгенин билдирди.
Маалыматка ылайык, Т.А. аттуу жаран 16,4 млн сомго алдамчылык жасоого шектелип издөөдө жүргөн. Шектүү Вьетнамдын компетенттүү органдары менен кызматташуунун негизинде Бишкекке жеткирилип, тергөө абагына камакка алынды.
Башкы прокуратура эл аралык келишимдердин алкагында тергөөдөн жана соттон жашырынып жүргөн адамдарды экстрадициялоо боюнча иштер системалуу түрдө улантыларын белгиледи.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар