Президент Кыргызстанда жаңы авиакомпанияларды каттоого коюлган мораторийди алып салдыТогуз айда Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 685,4 млрд сомду түздүСадыр Жапаров Бишкекте ТҮРКПАга мүчө өлкөлөрдүн парламент спикерлерин кабыл алдыБишкекте скульптор Виктор Шестопалдын юбилейлик көргөзмөсү өтөтЧет өлкөлүк капиталы бар ишканалар 2025-жылы 109 млрд сом пайда таптыНарын дарыясында мыйзамсыз балык уулаган жарандарга айып пул салынды
Алдамчылыкка шектелип, издөөдө жүргөн жаран Вьетнамдан Бишкекке алынып келинди
26.12.2025 | 17:40

Башкы прокуратура алдамчылыкка шектелген Кыргызстандын жаранын Вьетнамдан Бишкекке экстрадициялап алып келгенин билдирди.
Маалыматка ылайык, Т.А. аттуу жаран 16,4 млн сомго алдамчылык жасоого шектелип издөөдө жүргөн. Шектүү Вьетнамдын компетенттүү органдары менен кызматташуунун негизинде Бишкекке жеткирилип, тергөө абагына камакка алынды.
Башкы прокуратура эл аралык келишимдердин алкагында тергөөдөн жана соттон жашырынып жүргөн адамдарды экстрадициялоо боюнча иштер системалуу түрдө улантыларын белгиледи.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар