Бишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кестиӨлкөдөгү мечиттерде жаан, кар тилеп сыйыныштыБүгүн Садыр Жапаров туулган күнүн белгилеп жатат. Аны кимдер куттуктадыБишкекте үйлөрдүн баасы дээрлик 30%га өстүБШК №16 округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти. Кимдер депутат болду
Алдыдагы шайлоолордо жарандар жашаган жеринен добуш бере алышат — БШК
09.09.2025 | 14:47

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулар үчүн онлайн-идентификация системасын киргизип жатканын билдирди. Бул механизм жарандардын жашаган жеринен добуш берүүсүнө шарт түзөт.
Ошол эле учурда бюллетень шайлоочунун катталган округу боюнча басылып чыгат.
Мисалы, эгерде жаран Ат-Башыда катталып, бирок Бишкекте жашаса, анда ал борбордогу шайлоо участогунда добуш берип, Ат-Башы округуна катталган талапкерди тандай алат.
Эске салсак, коомчулукта учурда парламенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү мүмкүнчүлүгү кызуу талкууланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом