Алгачкы мамлекеттик стейблкоин USDKG ишке кирди. Ал эмне жана эмне үчүн маанилүү

07.11.2025 | 15:08

Кыргызстан санариптик каржы дүйнөсүнө кадам таштады: Каржы министрлиги расмий түрдө өлкөдөгү алгачкы мамлекеттик стейблкоинди USDKG деген тикер менен ишке киргизди. Бул санариптик актив алтын менен камсыздалып, АКШ долларынын курсуна 1:1 катышта байланмакчы. Анын негизги максаты — эл аралык соода операцияларын тейлөө. Эмиссия мамлекетке болгону 438,5 миң сомго түшкөн.

Атайын түзүлгөн “Виртуалдык активдердин эмитенти” ачык акционердик коому жаңы активдин эмитенти болду. Анын 100% акциясы Каржы министрлигине таандык. Бир жума мурун бул эмиссия Финансылык көзөмөл кызматында мамлекеттик каттоодон өткөн.

Кызыгы, улуттук стейблкоиндин ишке киргенин алгач расмий Бишкек эмес, дүйнөдөгү ири криптобиржанын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао (Binance) өткөн октябрдын аягында билдирген. Бул президент Садыр Жапаровдун санариптик сомду (KGST) тестирлөөнү баштоо боюнча тапшырмасынан жана виртуалдык активдер тармагын өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынынан кийин болгон.

Стейблкоин деген эмне жана ал эмне үчүн керек? Эксперт түшүндүрөт

Стейблкоин деген эмне жана ал Кыргызстанга кандай пайда алып келиши мүмкүн? Бул суроого жооп алуу үчүн биз EVDE криптобиржасынын башчысы Алмаз Шабдановго кайрылдык.

Стейблкоин деген эмне?

Стейблкоин — бул баасынын туруксуздугун (волатилдүүлүгүн) азайтуу максатында иштелип чыккан өзгөчө түрдөгү криптовалюта. Ал Биткойн сыяктуу баасы бат өзгөрүп турган санарип акчалардан айырмаланып, туруктуу наркты сактоо жана эсептешүү каражаты катары колдонууга ылайыкталган.

“Стейблкоин деген сөз “туруктуу” деген маанини билдирет. Бул белгилүү бир активге байланган санариптик токен. USDKGнин мисалында анын баасы АКШ долларына 1:1 катышта байланат, ал эми камсыздоосу катары алтын резервдер колдонулат”, — деп түшүндүрөт эксперт.

Кимдер үчүн жана эмне максатта керек?

Алмаз Шабдановдун пикиринде, алгачкы этапта жөнөкөй жарандар үчүн мындай инструменттин пайдасы анчейин билинбейт. Бирок анын негизги мүмкүнчүлүгү башка тармактарда жатат.

“Ал Кыргызстан ичинде эле эмес, эл аралык соодада да колдонулушу ыктымал. Анда анын таасири жана экономикага пайдасы кыйла жогору болот”, — деди криптобиржанын жетекчиси.

Анын айтымында, USDKG «эл аралык каржылык алакалар жана төлөмдөр» үчүн колдонулуучу инструментке айланып, ошондой эле чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга өбөлгө түзөт.

Scroll to Top