Ализа Солтонбекова эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри болду

Ализа Солтонбекова эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри болду

Ализа Солтонбекова эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри болуп дайындалды. Тиешелүү Жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койгон.

Анын талапкерлигин кечээ, 25-ноябрда Жогорку Кеңешке премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков тааныштырып, Солтонбекованын талапкерлиги колдоо тапкан.

Ализа Солтонбекова 2018-жылдан бери Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары болуп иштеп келген.

Белгилей кетсек, 28-октябрда эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине Аида Исмаилованын талапкерлиги каралып, депуттаттардын колдоосуна ээ болгон эмес.

Министрликти буга чейин Улукбек Кочкоров жетектеген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>