Ауэзов көчөсүндөгү соода күркөлөрү алынып, ордуна сквер курулатКыргызстандыктар кайсы тармактарда эң көп киреше табышат?Ысык-Көлгө куйган дарыяларга 582 миң форель чабактары коё берилдиПара талап кылууга шектелип мурдагы судья кармалдыОш шаарындагы Увам жана Жекелик каналдарынын кооптуу жээктери тосулатСадыр Жапаров Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча билдирүү жасады
Видео: Алматада турак үй өрттөнүп, балдарды 6-кабаттан ыргытышты
01.08.2023 | 22:45
Алмата шаарындагы 16 кабаттуу турак жайдан өрт чыгып, тилсиз жоодон жабыркагандар 6-кабаттын терезесинен балдарды килемчелерге ыргытышты. Бул тууралуу Tengrinews.kz маалымдады.
Социалдык түйүндөрдө өрт чыккан жерден тартылган видео пайда болду. Кадрда эненин балдарды терезеден кезек менен ыргытып, анан өзү секирип жатканын көрүүгө болот.
ӨКМ билдиргендей, 1-август күнү саат 17:10до куткаруучулар Аккент кичи районундагы 54-үйгө жөнөтүлгөн. Жеткенден кийин 16 кабаттуу турак үйдүн 5-кабатында батир ачык жалын менен күйүп жатканы аныкталган.
“5-6-кабатта лифттин шахтасында электр зымдары күйгөн. Жогорку кабаттардан адамдарды эвакуациялоо жана куткаруу иштери жүргүзүлүүдө”, – деп билдирген ӨКМ.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом