«Фашисттер сабап жатат» деген видео боюнча үч өспүрүм аныкталды

«Фашисттер сабап жатат» деген видео боюнча үч өспүрүм аныкталды

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери соцтармакта фашизмге айыпталып, кыргызстандыктарды сабап жатат делген жаштарды аныкташты.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 1-августта билдиргендей, буга чейин бул факт Бишкек ШИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Ошентип, тергөө кызматына 2008-жылы туулган О.Р., 2006-жылы туулган С.Б., 2006-жылы туулган С.Г. аттуу балдар жеткирилген.

Мыйзамдуу өкүлдөрдүн катышуусунда алар менен маектешүү жүргүзүлүп, алар менен профилактикалык сүйлөшүү жүргүзүлдү.

Буга чейин ИИМ «Орус фашисттери кыргыздарды сабап жатат» деген аталышта социалдык тармактарга тараган видео боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирген. 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>