«Ай-Кью» мектебин бүтүргөндөргө аттестат берилмей болду

«Ай-Кью» мектебин бүтүргөндөргө аттестат берилмей болду

Президенттин тапшырмасы боюнча министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Билим берүү жана илим министрлигине 2022-2023-окуу жылдардын жыйынтыгы боюнча «Ай-КьЮ» билим берүү комплексинин бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттарды тез арада берүү боюнча чараларды көрүүнү тапшырды.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү ыйгарым укуктуу жана укук коргоо органдарына бул аракеттерге жол берген адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча тез арада зарыл чараларды көрүү тапшырылды.

Мындай көрүнүштөрдү болтурбоо максатында, ошондой эле белгиленген тартипте билим берүү тутумунун лицензиялык ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча чечимдердин долбоорлорун Министрлер кабинетинин кароосуна киргизүү тапшырылды. Министрлер кабинети мындай чечим Конституциянын 46-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык кабыл алынганын, мында ар бир жаран билим алууга укуктуу экенин белгиледи.

Мындан тышкары, БУУнун Балдардын укуктары жөнүндө конвенциясынын негизги принциптерине ылайык, балдарга карата чечим кабыл алуу процесси бул чечимдин жеке балага тийгизүүчү мүмкүн болуучу таасирине (оң же терс) баа берүүнү камтышы керек.

Буга чейин ата-энелер президенттен 84 бүтүрүүчүнүн аттестаты боюнча маселени чечип берүүнү суранышкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>